23 апреля 2013, 15:05

А.Бекназаров: “Убада кылгандай 24-апрелде митинг өтөт”

Убада кылгандай 24-апрелде митинг өтөт. Мындай маалыматты бүгүн журналисттерге коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди.

«Митинг саат 10.00дө Ала-Тоо аянтында башталат. Жалпы канча адам болорун айта албайм, бирок ар бир облустан 100дөн өкүл келет. Биз бул маселеге тиешеси бар адамдардын бардыгына чакырууларды жөнөттүк. Атүгүл Танаевге дагы жиберилди. Мен ал убакта доклад менен парламентте болом», - деди ал.

Ошондой эле А.Бекназаров митинг санкциялык мүнөзгө ээ экендигин айтып өттү.

Эскерте кетсек, буга чейин Бекназаров "Кумтөр” макулдашуусун жокко чыгаруу максатында Бишкекке 10 миң адам чогулта тургандыгын маалымдаган. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter