23 апреля 2013, 17:07

М.Казакбаев: “Оппозицияны толук колдобосом дагы, “Кумтөр” келишимин жокко чыгаруу үчүн митингге катышам”

Мындай пикирин бүгүн Кyrgyztodayге серепчи Марат Казакбаев билдирди. Анын айтымында, "Эл үнү” коомдук кыймылынын демилгеси менен "Кумтөр” долбоорун денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору парламентте карала тургандыгы туура  маселе. Анткени бул келишимдин коррупциялык жол менен түзүлгөнү жалпыга маалым жана ал эч кандай улуттук кызыкчылыкты аткарган жок.

"Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун колдоого алышы керек. Анткени "Кумтөр” боюнча Азимбек Бекназаров башында турган бир топ оппозиция өкүлдөрүнүн коюп жаткан талаптары жүйөлүү. Маселе парламенттин жалпы жыйынында каралып жаткандан кийин, митинг уюштурулбай эле койсо болмок. Бирок учурда элде жана оппозициянын өкүлдөрүндө Жогорку Кеңеш "Кумтөр” келишимин жокко чыгарууну колбойбу же жокпу деген суроо жаралып жатат. Андыктан, парламентке бир аз да болсо дагы сүр көрсөтүү үчүн эртең "Кумтөр” маселеси каралып жатканда удаа митинг уюштурулуп жатат. Мен оппозицияны толук колдобосом дагы, "Кумтөр” келишимин жокко чыгаруу үчүн митингге катышам”, - деди серепчи.

Эскерте кетсек, эртең "Кумтөр” долбоорун денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору парламентте каралат жана бул мыйзам долбоорун колдоого алгандар Ала-Тоо аянтына митингге чыгышат.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter