23 апреля 2013, 17:26

Ч.Турсунбеков: ““Кумтөр” боюнча келишимди денонсациялоо талаптары менен саясый акцияларга жарандарды чыгаруу эртелик кылат”

"Кумтөр” боюнча келишимди денонсациялоо талаптары менен саясый акцияларга жарандарды чыгаруу эртелик кылат. Мындай пикирин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөрдүн» айланасындагы бардык маселелер мыйзам чегинде чечилиши керек. Ал 2013-жылдын февраль айында Жогорку Кеңеште жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормалар жана талаптардын "Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК тарабынан сакталышын текшерүү жана иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралып, отчёту угулуп, талкууланып, токтом кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

"Токтомдо КР Өкмөтүнө «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылган. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир келишимге жетишилбесе, анда Жогорку Кеңеш үч айлык мөөнөттөн кийин "Кумтөр” боюнча келишимди денонсациялоо жөнүндө маселени карайт. Аталган маселе парламенттин күн тартибинде тургандан кийин, "Кумтөр” боюнча келишимди денонсациялоо талаптары менен саясый акцияларга жарандарды чыгаруу эртелик кылат”, - деди депутат. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter