23 апреля 2013, 17:29

“Китеп искусствосу” аттуу сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Китеп искусствосу” аттуу сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды Бүгүн, 23-апрелде "Китеп искусствосу” аттуу сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгеге "Бийиктик плюс" басмаканасы басып чыгарган "Кыргыздар” аттуу китеби татыктуу болду. Аталган басмаканага 20 миң сом берилди, ал эми сынактын башка түрүнөн жеңгендерге 8 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыктар берилди. "Өнөр” наамын (Маданият жаатын чагылдырган китеп.)  "Кыргыздын улуттук маданияты” китеби алса, "Жеткинчек” наамына (Балдар үчүн чыгарылган китеп.) "Балдар энциклопедиясы” татыктуу болду. Ал эми "Мурас” наамы (Тарыхый-маданиятты жана улуттун салт-санаасын чагылдырган китеп.) "Кыргыздар” китебине берилди. "Замандаш” наамына (Кыргызстандын жаратылышын чагылдырган.) "Кыргызстандын гүлдүү дүйнөсү” аттуу китеп татыктуу болду. Ошондой эле "Илим” наамы (Жаңы жетишкендиктерди чагылдырган, энциклопедиялык түрдөгү китеп.) "Чынгыз Айтматов: Адам жана аалам” китебине берилип, "Чеберчилик” наамына (Сырткы көрүнүшү эң жакшы жасалган китеп.) "Эскерүү 1941-1945” китеби татыктуу болду.
 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter