23 апреля 2013, 17:35

ББга киргенден кийин Кыргызстандын негизги атаандашы Беларусь болуп калат

"Бажы биримдигине качан гана кирбейли, тикмечилик тармакка оюн эрежелерин так билүү зарыл", -деген пикирин бүгүн, 23-апрелде, Smart Business Solution CA нын директору Кубат Рахимов билдирди.

Ал, жетекчилик тарабынан жеңил өнөр жайга иштелип чыккан долбоор утилитардык мүнөздө болот деген ишенимде. "Жетекчиликтин долбоору бир нече блокторго бөлүнгөн. Биринчиси биз ар дайым жүргүзүп келген ишибизге байланыштуу – бул кездеме менен фурнитуранын импорту. Бажы биримдигине киргенден кийин импорт мейкиндиктин бирдиктүү мыйзамы тарабынан көзөмөлдөнөт, ошону азыртадан изилдеп, иликтеп чыгып, азыртадан оюн шартына даяр болуу зарыл", - деп Рахимов белгиледи.

Smart Business Solution CAнын директорунун оюу боюнча, Бажы биримдигине киргенден кийин Беларустун жеңил өнөр жайы Кыргызстан үчүн негизги атаандаш болуп калат. "Ал жактан жеңил өнөр жайы абдан күчтүү. Маркетингтик орунду азыр аныктоо зарыл", - деди Рахимов.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
nurjamal
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter