29 апрель 2013, 08:03

Кыргызстандын күч түзүмдөрү Тажикстан менен чегарада болгон окуяга эмдигиче расмий комментарий бере элек

Кыргызстандын күч түзүмдөрү Тажикстан менен чегарада болгон окуяга эмдигиче расмий комментарий бере элек Эскертсек, кыргыз айылы Ак-Сай тургундары менен тажик анклавындагы Варухтун жашоочулары өткөн ишемби күнү чатакташа кетишкен. Баткен мамлекеттик администрациясынан ӨК болгонун тастыктап, бирок кырдаал көзөмөлдө экенин билдиришүүдө.

Бул жолку чатакка жайлоого кетчү жол себеп болгон. Ак-Сай тургундары чегара кызматкерлерине эскертпей жолду оңдоп-түзөө иштерин баштап, бул жаңжалга себеп болгону айтылууда. Жергиликтүү аткаминерлердин айтымында, тажик жарандары жумушчуларды сабап, андан кийин күч менен аларды өз аймагына сүйрөп кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча тажик айылы Хажалонун тургундары жайлоодон бир канча жылкыларды да айдай качышкан. Буга жооп катары аксайлыктар тажик тартип орган жана бийлик өкүлдөрүн сабап салышкан.

Учурда Баткендеги өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков тажик тарап менен сүйлөшүү өткөрүп, ал жакта барымтадагы кыргыздарды бошотуу боюнча чара көрүүдө. Ал арада эки тараптан тең жолдор жабылды.

Ак-Сай кыргыз айылы кыргыз-тажик чегарасындагы катталбаган аймакта болгон. Айыл Варух анклавындагы эки тажик айылынын ортосунда жайгашкан.

Өткөн аптада Чегара кызматынын башчысы Токон Мамытов 2013-жылдын башынан тарта чегара жаатында бир да инцидиент катталбаганын айткан.

Жыл жаңырары менен чегара жаатында мындай жаңжал кайталанганы белгилүү. 2013-жылдын 5-январында Баткен чегара кошуунунун «Чарбак» бекетинин аскерлери Өзбекстан тарап билдиргендей, «эларалык эрежелер жана өкмөт аралык макулдашууларга каршы Фергана облусунун Сок районунун Хушяр пунктунда алдын ала эскертүүсүз электр мамыларын орнотуу иштерин жүргүзгөн». Бул окуяда кыргыз чегарачылары курал колдонуп, 5 өзбек жаранын жарадар кылышкан. Жарадар болгондордун абалы өтө оор делген. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter