29 апрель 2013, 08:47

Кенелердин активдүү көбөйүшүнөн улам, капчыгайларга чыкпоо кеңешин беришти

Республикалык карантиндүү жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борбору кенелердин активдүүлүгү тууралуу эскертет. Арбовирустуу лабораториясынын жетекчиси Ирина Брейнингердин айтымында, мындай зыянкечтердин саны жыл санап өсүүдө. Анткени буга чейин аталган аймактарда профилактикалык иштер жүргүзүлүп келген. Азыркы тапта жүргүзүлбөйт.

"Бактыга жараша борбордо энцефалитти жугузган кенелер жок. Ошентсе да байкаш керек. Эгерде кенени байкап калсаңыз, дарылоо мекемелеринен же йод менен тазалап чыгаруу керек. Андан кийин кенени биздин борборго алып келиши керек. Анткени адистер анын кайсы түргө кирээрин аныкташы зарыл", - деди Брейнингер.

Адистер азыркы тапта Ала-Арча, Ысык-Ата жана Кегети капчыгайларына, Чон-Кеминге чыгууга кеңеш беришпейт. Эгерде бара турган болсоңуз, анда денеңиз көрүнбөгөндөй туюк кийинүү керек.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter