29 апрель 2013, 08:52

ШКУнун коопсуздук кеңешинин катчылары Бишкекте чогулат

Бүгүн, 29-апрелде, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусу болот.

Жолугушууда коңшу аймактардагы абалдын өзгөрүп туруусунан ШКУ аймагындагы коопсуздукту сактоо маселелери талкууга алынат.

Андан сырткары уюмга мүчө мамлекеттер терроризм, сепаратизм жана экстремизм, мыйзамсыз баңгизаттын ташуусун алдын алуу, чек арадагы кылмыштуулук сыяктуу маселелер менен күрөшүүдө өз ара пикир алышат.

Ошондой эле ШКУнун аймактык террорго каршы туруу түзүмү да талкууланат. Бул тууралуу маалыматты ШКУнун аймактык террорго каршы туруу түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору Чжан Синьфэн берет.

Жолугушууда ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук боюнча кеңешинин кийинки отуруму кайсыл жерде болору да аныкталат.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter