29 апрель 2013, 08:54

Депутаттык комиссия А.Батукаевге коюлган диагноздун чын-төгүнүн аныктоо боюнча экcперттик топтун чечимин угат

Депутаттык комиссия А.Батукаевге коюлган диагноздун чын-төгүнүн аныктоо боюнча экcперттик топтун чечимин угат «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия эксперттик топтун чечимин угат. Бул тууралуу комиссия мүчөсү Жоомарт Сапарбаев кабарлады.

Анын айтымында, комиссия бир жума мурун кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Батукаевге коюлган диагноздун чын-төгүнүн аныктоо үчүн экcперттик топ түзгөн. Анын алдында Гематология борборунун айрым адистери Батукаевге коюлган дарттан күмөн санап жатканын билдирген эле.

9-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди «айыккыс ооруга чалдыкты» деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Өткөн аптада депутаттык комиссия бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Андан көп өтпөй эле вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырган болчу.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter