29 апрель 2013, 09:08

Баткендеги Ворух анклавында болгон окуядан соң 4 жаран оор абалда ооруканага жеткирилген, учурда абалы жакшы

 Учурда Баткен облусттук оорукананын травматология бөлүмүнө Ак-Сай-Тамдык айланма жолунун курулушунда иштеп жаткан 3 жумушчу жана 1 жергиликтүү айыл тургуну жаткырылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы билдирди, деп маалымдады "Баракелденин” түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен областы боюнча координатору  Сайпидин Төрөевдин маалыматы боюнча 26-апрель күнү 2 жаран жергиликтүү ФАПка кайрылып, ал эми 27-апрель күнү 2 жаран келип, жалпысынан 4 жаран областтык ооруканага орто оор абалда келип кайрылышкан.

"Кайрылган жарандар бети-башы көгөргөн абалда келишкен. Аларга мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Учурда жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө, кооптонууга негиз жок. Алардын абалы  учурда жакшы” - деп билдирди  С.Төрөев.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter