29 апрель 2013, 09:30

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча 8 кылмыш иши козголду

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча 8 кылмыш иши козголду  Учурда Баткен облусундагы коомдук-саясий кырдаал тынч жана милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынган. Бул тууралуу КР ИИМ маалымат кызматкери, милициянын подполковниги Таалайбек Сусунбаев билдирди.
Анын билдирүүсүнө ылайык, 27-апрелде Ворух (Тажикстан) анклавы менен Баткен районунун Ак-Сай айылынын жашоочуларынын ортосунда орун алган чатакка байланыштуу КР ККнын 8 беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
«КР Ички иштер министрлигинин жетекчилиги эл аралык деңгээлдеги улуттар аралык чатакты токтотуп калууга жетишти, - деп билдирет маалымат кызматы. – 27-апрелде саат 15.00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылында адистер Ак-Сай – Танги жолун куруп жатышкан. Бирок бул жер биздики деп санап, курулуш ишине нааразы болушкан 100гө жакын Тажикстандын жашоочулары жол куруучуларды сабап, бульдозер менен экскаватордун айнектерин сындырышкан. Андан соң Тажикстандын Исфара районуна караштуу Ворух айылынын жанына 600 тажик, 60ка жакын кыргыздар чогулган. Тажикстандын чек арачылары Калашников автоматынан асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Ок атуудан кийин Тажикстандын чек арасына жакын аймакка 4 миңге жакын Кыргызстандын, ал эми Тажикстандын аймагында 7 миңге жакын тажиктер чогулуп, эки тарапка өтүүчү жолду жаап салышкан»,- деп билдирди КР ИИМ маалымат кызматы.
Окуя болгон жерге КР ИИМ жетекчисинин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов улуттар аралык чатакты басуу үчүн барган. Ал Кыргызстан жана Тажикстандын жашоочулары менен жолугушуп, алардын талабын уккан. Андан соң ал кошуна өлкөнүн Согди облусунун губернаторунун орун басары А.Сангинов жана Согди облусунун ИИБ начальниги Ш.Назаровдор менен жолуккан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө А.Сангинов Тажикстандын жашоочуларынын мыйзамсыз аракети үчүн кечирим сурап, келтирилген материалдык чыгымды калыбына келтирүүгө аракет жасай тургандыгын билдирди.
Курсан Асанов күнөөлүүлөр жазаланарын эскертип, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого чакырды. Мындан тышкары, ал жергиликтүү жашоочуларга жакын арада Тажикстан менен чек араны делимитация жана демаркациялоо иштери чечилерин билдирди.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter