29 апрель 2013, 09:41

Бишкекте уурдоолорго катышкан деп шектелген Пакистандын жараны кармалды

Бишкекте уурдоолорго катышкан деп шектелген Пакистандын жараны кармалды Бишкекте бир нече уурдоого катышкан деп шектелген Пакистандын жараны кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы маалымдайт.
Милицияга 18 жашар Саламат аттуу кыз белгисиз адамдар үйүнөн жеке мүлкүн жана жалпы суммасы 13,5 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган.
Бишкек ШИИБ кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кабыл алынган чаралар аркылуу "изи сууй электе” Бишкекте убактылуу жашаган 23 жашар Пакистан жараны И.Кинза колго түшүрүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал дагы бир ушундай эле кылмышка шектелгендиги аныкталган, анда келтирилген зыяндын суммасы 7200 долларды түзгөн. Иликтөө жүрүүдө.
 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter