29 апрель 2013, 10:48

Ошто айдоочулар коомдук транспортто жол кирени көтөрүү талабын коюшууда

Ошто айдоочулар коомдук транспортто жол кирени көтөрүү талабын коюшууда Ош шаарында айдоочулар коомдук транспортто жол кирени көтөрүү талабын коюшууда. Бул тууралуу мэрияга караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин начальниги Искендер Жороев билдиргендигин мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы маалымдады.
"2012-жылдын апрель айынан бери көптөгөн коомдук транспорттун айдоочулары жол кире акысын көтөрүү талабын коюшууда. Анткени алардын айтуусунда, азыркы баалар менен чыгымдарды жабууга мүмкүн эмес. Айдоочулар өз талаптарын шаардык кеңешке билдиришкен. Алар эң оболу күйүүчү май менен бензинге, тетиктерге баа көбөйгөндүгүн эске алуу менен аргасыз жол кирени көтөрүүнү сунуш кылышууда. Бирок биз окуучуларга жол кире акысын мурдагыдай эле - 1 сом бойдон калтырууну пландаштырып жатабыз. Ал эми кичи автобустарда – 10 сом, автобустарда – 8 сом, троллейбустарда – 6 сом болору пландаштырылууда”,- деп билдирген И.Жороев. 
Ошол эле учурда И.Жороев эгер Ошто коомдук транспортто жол кире акысы жогорулап калса, жеңилдиктерге ээ болгон майыптар, пенсионерлер, мектеп окуучулары мурдагыдай эле баада төлөшөт. Ал эми мектеп окуучулары дем алыш жана каникул күндөрү жалпы жол киренин 50%ын төлөшөт. 
"Ошто коомдук транспортто жол киренин жогорулашы шаардын автопаркын жаңылоого шарт түзмөкчү. Бүгүнкү күндө 35 жылдан бери жаңылана элек троллейбус линиясынын эскилиги жеткен. Ошондуктан шартка жараша жаңы автобустар менен троллейбустарды сатып алып, алардын техникалык абалын жаңыртып туруш керек”,- деп билдирген И. Жороев.
Белгилей кетүүчү жагдай, Оштогу кичи автобустарда жүрүү акысы 8 сом, троллейбус – 4 сом жана автобус – 6 сом.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter