29 апрель 2013, 14:19

"Кумтөрдүн" жамааты келишимди денонсация кылбоону маморгандардан өтүндү

"Кумтор оперейтинг компани" алтын кенинин жамааты "Кумтөр" маселесин саясатташтырбоо жана кендеги үзгүлтүксүз жумушту камсыз кылуу талабы менен мамлекеттик органдарга кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде, Кыргызстандын тоо-металлургия кесиптик бирикмеси кабарлады.

Алардын билдирүүсүнө таянсак, учурда "Кумтөр" өлкөдөгү жалгыз ишке ашып жаткан маанилүү инвестициялык долбоор болуп саналат. "1990-жылдардын ортосунан тарта иштеген компания республиканын экономикасына сезилерлик салым кошуусун жылдан-жылга көбөйтүп келет, ал өлкөнүн Ички дүң өндүрүмүнүн 10 пайызын, өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 40 пайызын, мамлекеттин баардык салык түшүмдөрүнүн 20 пайыздан ашыгы менен экспорттун 50 пайыздан ашыгын камсыздайт",- деп айтылат кайрылууда.

"Кумтор оперейтинг компани" компаниясынын кесиптер бирикмеси комитетинин төрагасы Алмазбек Жакыповдун маалыматына таянсак, жыл сайын өлкө бюджетине "Кумтөрдөн" 7-8 млрд сом түшөт. ""Кумтөр" кенде иштеген 4 миңден ашык жана тейлөөчү уюмдарда эмгектенген миңдеген адамдарды үзгүлтүксүз иш менен камсыздап келет",- дейт ал.

Жумушчулар белгиленгендей, кендеги өндүрүштү токтотуу өлкө бюджетинин таңкыстыгына алып келип, анын натыйжасында мамлекет милдеттүү төлөмдөрдү төлөй албай калышы мүмкүн. Бул өз кезегинде экономикалык туруксуздукту жана социалдык жарылууну пайда кылышы ыктымал.

Эмгек жамааты баардык маселелерди инвесторлор менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү зарыл деп эсептешет.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter