29 апрель 2013, 14:31

Кой-Таш: Мас мушташтан жараат алган сержант ооруканада көз жумду

Чүйдүн Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан Азамат Керимбаев бүгүн эртең менен көз жумду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Коргоо министрлигинин тарбия иштер башкармалыгынын башчысы Эрнис Эламанов ушу тапта окуяны жеринен териштирип жүрөт.

Окуя өткөн түнү болгон. Алдын ала маалымат боюнча, контракттык бөлүмдөгү 35 жаштагы сержант Азамат Керимбаев менен 21 жаштагы ефрейтор Мейманбек уулу Данияр аскердик бөлүктүн жанында жайгашкан үйлөрдүн бирине кирип арак ичкен. Экөө уруша кетип, ефрейтор сержантты катуу сабап салган. Башынан оор жараат алган сержант Керимбаев Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, эсине келе албай көз жумган.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter