29 апрель 2013, 15:02

Avia Traffic компаниясы Орусиядан 200-жүгүн акысыз ташып келүүдөн баш тартты –депутат Жолдошева

Кыргызстандык Avia Traffic компаниясы Орусиядан 200-жүгүн акысыз ташып келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу депутат Жылдызкан Жолдошева дүйшөмбү күнү эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин жыйынында айтып чыкты.
«Жакында эле маалымдалып жаткандай, баардык кыргызстандык авиакомпаниялар Орусияда каза болгон биздин жердештерибиздин сөөгүн акысыз жеткирип берүүгө макул болушкан. Бул макулдашуу иш жүзүнө ашпай келет. Мисалы, Avia Traffic Company жакында Орусияда өз өмүрүн кыйган мекендешибиздин сөөгүн мекенине жеткирип берүүдөн баш тарткан», - деп билдирди Ж. Жолдошева.
Эл өкүлү Максат Сабиров («Республика» фракциясы) да Санкт-Петербургдагы авиакомпания 200-жүгүн ташуу боюнча макулдашуу жөнүндө маалымдар эместиги тууралуу айтып чыкты.
2012-жылы Орусияда каза болгон 328 адамдын сөөгү Кыргызстанга алынып келген.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter