30 апрель 2013, 08:39

Пайзулла Рахмановдун иши бүгүн сотто каралат

Пайзулла Рахмановдун иши бүгүн сотто каралат Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири Пайзулла Рахмановдун ишине байланыштуу соттук отурум бүгүн өткөрүлөт. Бул тууралуу "ВБ"га Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Рахмановго кылмыш иши "Кызамттык абалынан кыянаттык менен пайдаланган", "Кызматтык наамды же бийликти өзүнө-өзү ыйгарып алган", "Массалык баш аламындыкты уюштурууга катышкан", "Бийлик өкүлдөрүнө кысым көрсөткөн" деген беренелердин негизинде козголгон. Сотко иш 15-апрелде келип түшкөн. Ал эми соттук отурум бүгүн, 30-апрелде саат 16:00дө Биринчи Май райондук сотунда өтөт.

Белгилүү болгондой, Рахманов Өкмөткө караштуу сатуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган кезде Ноокат районунун негизделгендигинин 80 жылдык мааракесине карата "Ноокатым менин ооматым" деген аталыштагы марафонго чакырылган. Ал жеке жак катары чакырылгандыгына карабай өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып Сатуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддун дирекоторуна кат түрүндө тапшырма берип, марафонго 200 миң сом которткон.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter