30 апрель 2013, 08:46

Бүгүн эки министрликке талапкерлер каралат

Бүгүн эки министрликке талапкерлер каралат Бүгүн "Ата Мекен" парламенттик фракциясы кезексиз жыйынында энергетика жана өндүрүш министрлигине, ошондой эле социалдык өнүктүрүү министрлик кызматына талапкерлерди карап чыгат. Бул тууралуу кечээ, 29-апрелде "ВБ"га аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

"30-апрелде отурумда аталган ведомстволорго талапкерлерди карап чыгабыз. Азырынча талапкерлерди айтпай турайын, анткени болжолдуу гана тизме бар", - деди депутат.

Эске салсак, көпчүлүк коалиция тууралуу макулдашуу боюнча, аталган министрликтердин башчыларын кароо квотасын "Ата Мекен" фракциясы ишке ашырат. Андан кийин алар ведомстволордун жаңы башчыларын президентке бекитип бериш үчүн көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, 22-апрелде президент Автандил Калмамбетовдун башка ишке которулгандыгына байланыштуу, мурунку ээлеген кызматынан (энергетика жана өндүрүш министри) бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон. Мындан сырткары, социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов өз эрки менен жумуштан кетүү үчүн жазган арызынын негизинде,президент кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter