29 апрель 2013, 15:00

"Атам, апам жана мен – спорттук үй-бүлөбүз" аттуу эл аралык мелдеште кыргызстандык команда 2-орунду ээледи

"Атам, апам жана мен – спорттук үй-бүлөбүз" аттуу эл аралык мелдеште кыргызстандык команда 2-орунду ээледи 26-апрелде Иранда өткөн "Атам, апам жана мен – спорттук үй-бүлөбүз” аттуу эл аралык мелдеште Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен куралган команда 2-орунду ээледи. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.  Мелдеш Ирандагы КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтеринин кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөсүнүн арасында өткөрүлдү. Аталган иш-чара достукту чыңдоо, биримдик жана сергек жашоону даңазалоо чакырыгынын алдында өттү.  
 
Катышуучулар мелдеште спорттун "көзгө атар мерген”, "аркан тартыш”, "суу ташуучулар” сыяктуу 9 түрү боюнча күч сынашты. Финалда Кыргызстан, Беларусь жана Орусиянын командалары атаандашты. Ал эми 1-орунду орусиялык команда ээледи.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter