24 августа 2015, 13:10

Ошто интернетте жарыяланган видеого байланыштуу айрым жетекчилерге сөгүш жарыяланды (тизме)

Интернетте МАИ кызматкерлеринин катышуусунда жарыяланган видео тасмага байланыштуу Ош ШИИББнин айрым жетекчилерине сөгүш жарыяланды.

Бул тууралуу, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Алардын берген маалыматы боюнча, Жол кайгуул кызматкерлеринин ортосундагы чатак боюнча интернетке жарыяланган тасма иликтенип, 4 кызматкер жумуштан алынды. Андан сырткары:

-Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул көзөмөл кызматынын жтекчиси, милициянын подполковниги Шайырбек Шакировго «сөгүш»,

-Ош шаардык ИИБнын жол кайгуул милициясынын саркери, милициянын капитаны Шабданбек Ажибеделовго «каттуу сөгүш»,

-Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул көзөмөл кызматынын жетекчисинин орун басары  милициянын подполковниги Сапарбек Калыковго « каттуу сөгүш»,

-Ош шаардык ИИБнын жол кайгуул милициясынын саркеринин орун басары, милициянын ага лейтенанты Адахамжан Арабаевге «кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» кызматтык жазасы бар болгондуктан ошону менен чектелди.

Ал эми интернетке тараган тасмага түздөн түз тиешеси бар төрт кызматкер мурдараак жумуштан бошотулган.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020