31 июля 2015, 18:03

Бексултан Жакиев, акын, жазуучу: Жоолукка каршылык жок, бирок кыргыз улутунда жоолук күйөөгө чыккан келинге салынган

Белгилүү коомдук ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиевдин айтымында, учурда мектептерге киргизилип жаткан бирдиктүү форманын зарылдыгы бар.

«Коомдо жана үй-бүлөөдө ар-бир адамдын өз ордуна жана аткара турган кызматы бар. Окуучу өзүнүн негизги максаты – мыкты сапаттагы билим алууга умтулуусу зарыл, ошол эле учурда мектеп жашындагы бала өзүнүн статусуна ылайык тышкы келбети болуусу зарыл. Кеп анын кийиминде, анын кымбат, же арзан баада экендигине эмес, анын түпкү маанисинде жатат.

Кийимдин тарбиялык мааниси жана тышкы көрүнүштүн баланын аң-сезимине тийгизген таасири чоң, бул дагы адамдык маданияттын бир белгиси катары саналат. Ошол эле учурда бирдиктүү форма мектептеги балдардын арасында социалдык жактан одоно айырмаланбашына шарт түзөт. Бул жаатта бул демилге көпчүлүк ата-энелер тараптан колдоого алынаарына ишенимим бар".

Бирдиктүү мектептик форма орун албаса, бир эле класста балдар арасындагы социалдык катмарга бөлүнүү башталат, ал эми бөлүнүү орун алган коомдон ынтымак качат. «Бекер жерден биздин ата-бабалар карапайымдыкты улуу сапат катры баалап келген эмес, көйрөндүктү кемчилик катары карап, жерип келген. Байлык, мактануу, балдардын аң-сезими бул нерселер наристе кезден сиңирилгени жакшы эмес.

Хиджаб тууралуу айтсам - бул маселе молдокелердин жетиштүү сабаты ачылбагандыктан элге таңуулануда. Алар хиджабды мусулман кийими катары жайылтууда, бирок бул чындыкка жатпайт. Мусулман кийими деген түшүнүк жок. Мусулмандар таза, адал табылган, авраат жерлер жабылган жарашыктуу кийим кийсин деп айтылат. Мухаммед пайгамбардын осуяты боюнча ар-бир улуттун маданиятын сыйлоо керек, анын өнүгүп-өсүүсүнө жолтоо болбошу керек, ал эми маданияттын бир бөлүгүн биздин улуттук кийим-кечектерибиз түзөт. Жоолукка каршылык жок, бирок кыргыз улутунда жоолук алгач ирет күйөөгө чыккан келинге салынган, ал эми эселек кыздар кырк өрүм чачына тебетей кийип жүргөн.

Тилекке каршы, Арабтардын табиятына ылайыкташтырылган аялзатынын кийиминин мектеп окуучуларына таңулоо чектен чыккандык деп эсептейм. Хиджабты мусулман кийими деп түшүнгөн айрым ата-энелер молдокелердин айтканын кылып 1-класстын эселек кыздарына жоолук салышууда. Кыргызда ар-бир аялдын жашы анын ар-түркүн баш кийимине карата так аныкталган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021