6 августа 2015, 14:29

К.Исаев: “Ат менен алыска чыксак болот”

Нукура кыргыз баласы аттын кулагы менен тең ойноп чоңоёт.Калың журтка төбөсү көрүнүп калган азаматтар арасында ышкыбоздор аз эмес.Бул эмнемодабы же чындап эле улуттук оюндар жандануудабы?Көк бөрү федерациясынын төрагасы Канатбек Исаев камбар ата тукуму -жылкы баласы, ат спорту тууралуу маек курду

- Сизди саясатчы эле эмес, ат оюндарынын ышкыбозу катары да билебиз. Атка кызыкпаган кыргыз баласы жок болсо керек. Жылкы баласына тестиер кезиңизден жакынсызбы?

- Жылкы баласына жакындыгым бала кезден эле эмес, эненин каны менен келсе керек десем туура болот го. Анткени кыргыздар миң жылдап ат үстүндө өскөн. Ошол себептен кыргыз болгондон кийин ат менен жаныбыз бир десек деле жаңылышпайбыз.

- Азыр жылкы баласынын накта баасы чыккандай болду. Чапканга, улак тартканга, ал турсун союшка да жылкы баласы кымбат. Сыр болбосо, канча атыңыз бар, кайдан жана канча сомго сатып аласыз?

- Жүздөн ашык жылкым бар. Атайын улакка деп ат сатып албайбыз, бирок асыл тукум жылкы өстүрөбүз. Канды жаңыртып селекция жүргүзүш үчүн асыл тукум жылкыларды алып турушка мажбурбуз. Анткени өзүнүн каны аралашпаш керек. Ошол себептен жыл сайын Германиядан, Россиядан жаңы англис таза кандуу жылкыларды алып келип турабыз. Өзүбүздүн тукуму таза кандуу жылкыларыбыздын саны жетиштүү. Болгону жаңы кан катары биз жыл сайын жаңы айгырларды алып келип турабыз.

- Көк бөрүдөгү эң атактуу аттардын бири “Лексус” сиздики деп айтышат. Бул атты кайсыл жерден жана канча сомго сатып алгансыз?

- “Лексустун” түбү Аламүдүн районунан. Бышты кезинде болгону 50 миң сомго эле алгам. Бүгүнкү күндө ал кыргыздын сыймыгы болуп баасы 70 миң долларга чейин чыкты. Биздин курама команданын мыкты аттарынын бири. Бүгүнкү күнгө чейин бир айда бир жолу “Лексусту сатпайсыңбы” деген сунуштар байма бай келип турат.

- Чабылчу аттарыңызды кайда кармайсыз, саяпкериңиз, жылкычы бозойлоруңуз барбы?

- Албетте, жанагынча көп жылкы кармагандан кийин жылкычылар, саяпкерлер бар. Токмокто чарба бар, ошол чарбада кармалат аттар.

- Эми кеп учугун улуттук ат спорту боюнча улагым келет. Кыргызстанда ат оюндары жанданууда. Азыркы абалы, келечеги тууралуу эмнелерди айтасыз?

- Биз кылымдан кылымга жылкы менен чогуу тиричилигибизди жүргүзүп келгенбиз. Өмүрү атка минип көрбөгөн шаардык кыргыз балдар деле улуттук ат оюндарына кайдыгер мамиле жасашпайт. Кыргыздын миң жылдап келе жаткан гениндеги сезимдерди өчүрүп коюш мүмкүн эмес. Эгемендикке ээ болгондон кийин улуттук ат оюндарыбыз кайра жаңы күч менен жандана баштады. 70 жылдык Союз учурунда аттан алыстатканга аракет кылышкан, ошондой саясат болгон, улак тарттырбай тыюу салдыртышкан.

Азыр улуттук ат оюндары жаңы деңгээлге чыга баштады. Мурун эрежелер жок болчу. Эрежелер бекигенден бери он жылдап убакыт өтүп, анан бир калыбына түштү. Командалар ортосундагы мамилелер, оюн эрежелелери боюнча регламент иштеп чыкканбыз. Кадимкидей эле спорттун түрү катары калыптанып калды. Биз Кыргызстандын деңгээли менен чектелген жокпуз, эл аралык жогорку деңгээлге чыгат деп ишенебиз. Эл аралык көк бөрү федерациясы түзүлгөн, ага 14 мамлекет мүчө. Мурдагы жылы Азиянын биринчилиги Астана шаарында өттү. Азыр эл аралык турнирлер болуп жатат. Башка дагы мамлекеттер жогорку деңгээлге чыгарабыз деген ойдо. Эл аралык федерациянын эрежелерин, календардык-планын бекиткенбиз. Чет элдиктер да көп келип жатат, демек,бул келечекте Кыргызстанга туристтерди тарта турган, Кыргызстанга фишка боло турган спорт болот. Керек болсо бул жөн гана спорт эмес, кыргыздар үчүн идеология, тарых. Анан бул оюндун экономикалык мааниси өтө күчтүү. Анткени миллиондогон туристтер көк бөрү аркылуу кыргыз жерине келет деген ишеничтемин.

- Көк бөрүнү бир кезде эл аралык саябанга чыгаруу аракети башталып, анан токтоп калгандай болду. Мунун себеби эмнеде?

- Аракеттер  токтолгон жок, бирок казак менен кыргыздын ортосунда анча-мынча нааразылык болуп кеткен. Астана шаарында өткөн оюнда калыстык болгон жок. Калыстар тобу баш байгени күчкө салып эле казак курама командасына алып берип коюшкан. Эми сөздүн ачыгы: эң күчтүү эле казак менен кыргыздын командалары. Ошондон да федерациянын иши басаңдай түштү десек жаңылышпайбыз. Эми буюрса кайра башталат.

- Көк бөрү көчмөндөрдүн, айрыкча кыргыздардын жанбирге оюну десек аша чапкандык болбос. Сиз көк бөрү федерациясынын төрагасы болгонуңуздан бери эмне өзгөрүүлөр болуп жатат?

- Эң негизгиси: бизде рейтинг маселеси жок болчу. Ар бир чоң турнирдин астында биздин команда күчтүү деген талаш-тартыш болчу. Биз он жылдык рейтингдерин иштетип чыктык. Ар бир команданын ар бир турнирде өзүнүн баллдары бар. Ээлген орунуна жараша упайларга ээ болот. Ошол баллдар жылдап эсептелет. Анан ар бир команданын рейтинг системасын иштеп чыкканбыз. Командадан командага ат же оюнчу жөн гана өтүп кетпейт. Курама команда кантип куралат - ошонун баарынын эрежелерин иштеп чыкканбыз. Байге фонддорун да көтөрдүк. Анткени көк бөрү чоң чыгымдарды талап кыла турган спорт. Байге фондун да ар бир турнир сайын жакшы деңгээлде уюштуруп атабыз.

- Байге фондуна каражат мамлекеттик казынадан бөлүнөбү же демөөрчүлөрдүн эсебиненби?

– Мамлекеттик казынадан жалпы уюштуруу иштерине эле бөлүнөт. Байге фонду көп учурда демөөрчүлөрдүн күчү менен уюшулуп атат.

- Көк бөрүнү эл аралык аренага чыгарбоо аракети да бар деп айтылат. Анткени, кезинде көп улуттар өз оюндарын олимпиада түрлөрү кылып каттатып алышкан да, аларга конкуренция кереги жок болсо керек. Бир жагы айбанаттарды коргоочулар улак тартылат деп каршы экен. Улактын ордуна ошого окшош нерсе жасаса болбойбу?

- Бул эми биздин салт. Европа мамлекеттери өздөрү чечет улак тартабы же анын муляжын тартабы. Биз деле тирүү улак тарткан жокпуз да. Европа мамлекети Испанияда элдин көзүнчө эле корридада тирүүлөй букаларды өлтүрүп атышпайбы? Биз болсо мууздалгандан кийин тартабыз, тирүүлөй тарткан жокпуз да. Баалулуктар эки стандарттуу болбош керек.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021