14 августа 2015, 09:40

Жыргалбек Калмаматов, ишкер: «Балдардын күлкүсү менен спортчулардын жеӊиши - менин байлыгым»

-Жыргалбек мырза, сизди кыргыздын белдүү ишкерлеринин бири катары билебиз. Бизнестеги ийгилигиӊиздин сыры эмнеде?

 -Баардык ийгиликтин сыры ошол ийгиликти жараткан адамдын адамдык сапатынан көз каранды болот. Эгер сенин башкалардан он эсе акылдуу болгонуӊ менен айланадыгы адамдар менен тил табыша албасаӊ, алардан өзүӊдү жогору койсоӊ, теӊсинбей тетири иштерди жасап, өз кызыкчылыгыӊдын кана артынан түшүп алсаӊ ийгилик жарата албайсыӊ. Жаратсаӊ да анын өмүрү өтө кыска болот. Ошондуктан мен ишкердиктеги жетишкен ийгиликтеримди өзүмдүн жана менин командамдын адамдык сапаттарынан улам жаралды деп ишенем. 

Экинчиден, мунун баары мени ата-энемдин мага берген тарбиясынан улам жаралды десем да болот. Атам эсеп-кысап кызматкери эле, бизди кичинебизден эле тактыкка, сарамжалдуулукка, үнөмдүүлүккө жана кичи пейилдүүлүккө тарбиялап, өзү ар убак үлгү болду. Эс тартканы биз дагы иштерман, дайыма изденүүдө жүргөн тырышчаак болуп чоӊоюп, мамлекеттик ар кандай жумуштарды абийирдүүлүк менен аткарып, андан соӊ мен ишкерликке өттүм. Ийгиликтүү ишкер болуу үчүн акчаны табууну эмес аны туура сарптоону үйрөнүү керек. Ишкерликтин негизги эле эрежеси ар бир тыйын ак эмгек менен табылса жана ал бош турбай улам бир долбоорго салынса гана берекелүү, жугумдуу болот. Андан да тагыраагы, баарысынын Кудай берип жаткан соӊ сен тапканыӊдын кайсы бир бөлүгүн Кудай жолуна деп, кайрымдуулук кылып турууну парзыӊ катары эсептешиӊ керек.

Кыргызда, «эл менен сен бийиксиӊ, элден чыксаӊ кийиксиӊ» деген жакшы кеп бар. Андыктан, дайым элдин арасында болуп, алардын жашоо-турмушунун жакшырышына жардамымды аябайм.

-Ошондуктан Сиз социалдык долбоорлорду ишке салат көрүнөсүз?

 -Мен эч качан эл үчүн жасап жаткан иштеримди Кудайга да, элге да колко кылып, короткон чыгымдарымды санап, баса көрсөткүм келбейт. Бул менин турмуштук принциптеримден. Бул боюнча Хадисте да «бир колуӊ менен бергенди экинчи колуӊ билбесин» деген бар эмеспи. Бирок, жалаӊ эле пайда табуунун аракетин көздөп, ишкерлик долбоорлор менен алектене бербей, социалдык долбоорлорго да каражат бөлүп, карапайым калктын жүгүн мойнунан алууга аракет кылганым чын. Болбосо, баарыбыз көрүп турабыз, мамлекет экономикалык жактан кубатта албай, кыйналып турат. Жеке тармактар деле дүркүрөп өнүгүп кетпесе дагы, арабасын тыӊ тартып калды. Анан ушундай маалда биз элге кол сунуп, мамлекетке өз жардамыбызды бербесек, анда ким? Чет элдик донор уюмдар өмүр бою эле каралаша бербеси, алардан келген материалдык-техникалык каражаттардын эртеӊ баары бир сурагы болоору да анык.

Ошондуктан эртеӊки муунду кошо карыз кылбай, жеке ишкерлер биримдик менен элге кол сунушубуз керек. Ушул максатта биз 2010-жылы Ош шаарына алгачкы жолу 30 орундуу жеке төрөт үйүн бир канча миллион долларлык чыгымына карабай, куруп, элдин кызматына берген элем.

Анткени, азыр көрүп жатасыӊар, энелер менен ымыркайлардын оорусу күч, ооруканаларда ар дайым дары-дармек, техникалык шарттар жетишпейт, төрөтканаларда энелердин кырсыкка дуушар болгон фактылары арбын, демографиялык өсүш жакшы эмес. Анын үстүнө 2010-жылдагы окуялардан кийин Ош шаары социалдык обьектилерге жарды болуп турган болчу. Биз белди бек бууп, а дегенде төрөткана, кийин анын жанынан ооруларды так аныктап, илдетти туура дарылоого шарт түзгөн дарт аныктоо борборун курдук. Ошону менен катар бейтапкана да ачылды. Мына жакында эле ошол төрөтканада болдум эле ушунча жылдын аралыгында 5 миӊден ашуун ымыркай биздин курган төрөт үйүндө көз жарыптыр.

Ооба, мен ал жерге кафе же ресторан куруп, жумшаган каражатымды кыска убакытта бат чыгарып алсам деле болмок. Бирок мен антпедим, анын ордуна мен жердештеримдин жүрөгүн өйүгөн эң башкы маселесин чечип берүүнү туура көрдүм. Оор учурларда айрым аялдарыбызды Бишкекке жөнөтүүгө туура келген учурлар болгон. Ал эми Ош шаардык, облустук төрөт үйлөрүндө орун тартыш болуп калган учурлар көп эле кездешкен. Ошон үчүн 5 жыл мурун ушундай социалдык бизнести ишке ашырууга бел байлаган элем. Ушунча жылдын ичинде бул жерде төрөткө байланышкан ондогон оор операциялар да болду, биздин алтын кол дарыгерлер жүздөгөн балдар менен энелерди ажалдан алып калышты. Ушун өзү менин ишкерликтен тапкан эӊ чоӊ байлыгым десем болот.

-Акыркы учурларда Кыргызстанда волейбол оюнунун деӊгээли өстү. Айрыкча, Ош шаарындагы спорт клубдардын жараткан ийгиликтери мол. Бул деле спортчулар менен катар аларды колдогондордун салымы го?

 -Сурооӊдун төркүнү түшүнүктүү. Менин спорт тармагына болгон кызыгуум тээ бала кезимде келе жаткан, жан дүйнөмдөгү нерсе десем болот. Анткени, жеке менин пикиримде, спорт бул адамзаттын ынтымагын арттыруучу, улуттун сакталып калышын шарттоочу, адамдын узак жашоосуна түрткү берүүчү кереметтүү күч.

Ошондуктан башынан эле өзүм да волейбол оюнун сүйүп ойногондуктан, кийин бул боюнча атайын клуб уюштуруп, топ чапкан азаматтарды топтоп, Кыргызстандагы алдыӊкы аты бар командалардын катарына кошо алдым. Мен колдоп, камкордукка алган «Алай-Датка» волейбол командасы учурунда бир нече жолу Кыргызстандын биринчилигин багынткан, эл аралык оюндарга катышып, ийгилик жараткан, ири спорттук мектеп катары калыптанып калды десем болот.

Ошондуктан, менин спорт жаатындагы кошкон салымдарым бааланып, тиешелүү тараптар сыйлыктарын тапшырышкан. Мындан тышкары, спорттун күрөш, көк бөрү сыяктуу түрлөрүн да колдоого алып, спорттук комплекстерди куруп, реконструкциялап дегендей меценаттык иштерди жасап жатабыз.

Каармандан кыска-нуска

-Калмаматов Жыргалбек Айтиевич 1972 -жылы 22-декабрда Алай районунун борбору Гүлчө айылында кызматчынын үй бүлөсүндө төрөлгөн;
-Тогуз бир тууганы бар жана тогуз баланын атасы;
-1990-1993 жылдары Фрунзе шаарындагы Финансы- экономикалык техникумунун салык боюнча бөлүмүн бүтүрүп, эмгек жолун Алай районундагы «Жылы-Суу» дыйкан чарбасында эсепчи болуп иштөө менен баштаган;
-Ош Технологиялык Университетинен экономикалык жогорку билимге ээ;

-1995-1999 жылдары «Сыргак-Чубак» ЖЧК сында экспедитор, 1999-2002 жылдары «Всегда» ЖЧК сында генералдык директор болуп иштеп, 2002-2004 жылдары «Темир» Мамлекеттик ишканасынын Ош шаардык өкүлчүлүгүнүн директору болуп иштеген;
-2004-2010 жылдары «Коңурат» Ассоциациясынын генералдык директору;
-2010 жылдан ушул мезгилге чейин «Агромет» ЖЧК сында генералдык директор болуп эмгектенүүдө.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020