24 августа 2015, 10:25

Гүлмира Орозалиева: Неберелерим мени бир топ жашартты

Гүлмира Орозалиева - Токтогул районунун Жаңы-Жол айылынын сыймыкту кызы. 1982-жылы Фрунзе Финансы-экономикалык техникумун, 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин (юрист) аяктаган. Үй-бүлөлүү. 4 баланын энеси.
Чейрек кылымдан ашуун убакыт мамлекеттик структурада кызмат кылган. Гүл сүйгөн, жер тырмап ырахат алган айым экинчи деми менен баш баккан бизнес чөйрөсүндөгү ийгиликтери, аялдык бактысы, энелик тажрыйбасы менен бөлүштү.

-Отуз жылга жакын мамлекеттик структурада жүрүп, бирден эле бизнеске аралашуу кыйынчылык туудурган жокпу?

-Атайылап бизнеске аралашам деген деле максат койгон эмесмин. Жөн гана көпчүлүк аялдардай эле сулуулук салонунун кызматынан пайдаланам. Анан көп убакыт менин келбетиме кам көргөм мастерим өз алдынча салон ачуу тууралуу сунуш кылып калды. Ойлонуп көрсөм, чын эле: ишенимдүү өнөктөш болгондон кийин, эмнеге болбосун? Бизнесте “жакшы өнөктөш табуу- жарым ийгилик” деп айтылат эмеспи. Дароо макул болдум. Ошентип, кокусунан эле баштаган ишибиз ийгиликтүү болду.

Учурда салонубуз стабилдүү киреше берген, туруктуу өз кардарларларына ээ ишканага айланды.


-Ошону менен эле токтоп калбасаңыз керек?

-Ойлоп көрсөм, улам бир бизнестин түрүн ачууга турмуштук эле окуялар себеп болот экен. Жеке иштерим менен Кытайга көп каттап калдым. Ошондой саякаттардын биринде эмгекчил кытай элинин күнөскана жаатындагы долбоорлору кызыктырып туруп алды. Өзүм да гүл сүйгөн жанмын. Жер тырмап ырыхыт алам. Мындан улам, Кыргызстанда кытайлык өнөктөштөр менен экологиялык жактан таза органикалык жашылча-жемиш өстүрүүчү күнөскана куруп баштадык. Муну баштаардан мурун 2 жыл рынокту иликтеп көрдүм. Бизде жашылча кышында Кытай менен Өзбекстандан келет экен. Чек аралар жабылып, же дагы бир себептер болсо, ошол продуктулардын баасы асман чапчыйт.

Анын үстүнө өлкөбүз ЕАЭСке кирди. Демек, баштаган ишимдин жакынкы эле кошуналарга экспортко чыгуу менен ийгилиги болот деп ишенем. Анын үстүнө таза азыкты эң оболу өзүм жейм, өзүм кышын-жайын үзгүлтүксүз пайдалануу үчүн өстүрөм. Андыктан, келечектеги кардарларыма өзүмө эмне каласам, ошону гана тартуулайм деп турам.

-Үй-бүлөңүз баштаган ишиңизди колдоп, сизге жөлөк болушат чыгар?

- Ооба, жолдошум - 90-жылдардан эле ишкердикке аралашкан адам. Учурда баштаган иштеримде болсо, эки уулум - менин жөлөнөөр тоолорум. Ар дайым жанымда болсо да, алыста болушса да баа жеткис колдоосун сезип-туюп турам. Эки кызым Кытайда окушат: бири Пекинде, экинчиси Шанхайда. Жер тырмап, гүл сүйүп, анын түрүн өстүрүп калганыма болсо кичүү кызымдын таасири чоң болду. Өзгөчө бир таланты бар: жөн эле жаткан таш, же дагы башка жөнөкөй буюмдарга сүрөт тарта коюп, же дагы бир башкача стиль менен кооздой коюп, жансыз буюмга жан киргизип жиберет. Мындан улам мен да ландшафт, интерьер дизайнына кызыгып, өз алдымча бирдемелерди жасай коймоюм бар. Совет мезгилинин балдары эмеспизби. Андыктан, тээ жаш кезимен ошол совет мезгилинде жасалган буюмдарды чогултуу - менин хоббим. Айрыкча ар кандай жаныбарлардын балдарынын фигуркалары менин аялуу “темам”. Кыя өтпөйм. Учурда коллекциямда андай жасалгаларды эки жүздөн ашуун түрү бар. Кичүү кызым азыр он тогузда. Турмушка чыкса, себине кошуп берем деп тамашалап калам. Анткени, кичүү кызым экөөбүздүн кызыгуубуз көп маселелерде төп келет.
-Көп жылдардан бери шаарда туруп, туулуп-өскөн айылыңызды сагынасызбы?

-Туулуп өскөн айылым Чычкандын жээгинде Киров деп аталган кооз жер эле. Элес-булас эсимде. Токтогул ГЭСи ишке берилгенде суу астында калды. Анда мен 3-класста окуп калган кезим. Айылдын адырларында курбу кыздар менен бүлдүркөн жеп, мектеп кийим, аппак фартуктарыбызды кызыл-тазыл кылып келээр элек үйгө. Андан кийин ГЭСтин курулушу менен суу астында калган 3-4 айыл тургундары Кара-Суу деп аталган айылга отурукташып калдык. Суу астында калган киндик кан тамган айылымды, анын карагат, бүлдүркөн өскөн адырларын сагындым...
Алгач ошол айылдык мектепте окуп, андан кийинки ар кошкон айылыбыз Токтогул районунун борборуна жакын болгондуктан, кийин райондук мектепте окуп калдым. 8-классты аяктагандан кийин Фрунзе Финансы-экономикалык техникумуна келип кирдим. Окууну бүтүп, 18 жашымда турмушка чыктым.
Айылга болсо, такай каттап турабыз. 1995-жылдары жолдошум айылыбызга мечит куруп берген эле. Эми эл анын үзүрүн көрүп жатканына кубанам. Айрыкча жаштар терс сапаттардан оолак болушуп, айылда жардамга муктаждарга ашар түрүндө жардам берип келишет экен. Демек, кийинки муун өз жолун тапты. Келечектен уучубуз кур эмес экени кубандырат.

-Эрте турмушка чыгып, кайсы бир талантып ачылбай калды деген өкүнүчүңүз жокпу?

-Кызык суроо экен. Мектепте, кийин студент кезде деле жакшы бир өнөрүм бар эле: жакшы ырдачумун. Анан эмнегедир бала-чака, жумуш, тиричилик, кайын-журтка кызмат деген милдеттеримдин фонунда билинбей эле ал талантым арткы планда калып кетти. Кийн жолдошум чыгармачыл адамдарга жардам берип жаткан кездеринде “Келинчегим сонун ырдачу. Мага эрте турмушка чыгып, талантына кам көрүлбөй калды. Ошон үчүн ар дайым таланттуларды колдойм” деп тамашалап жүрдү.
Эмгек жолумду 1983-жылы Токтогулда ДЭУда жөнөкөй кассир болуу менен баштагам. Дээрлик 2009-жылга чейин ар кандай мамлекетик органдарда эсепчи болуп жүрүп, 2001-жылы салык кызматына которулдум. Ар бирин санап отуруунун кажети жоктур. Кыскасы өлкө үчүн жакшы эле кызмат кылдым.
2009-жылы уулумдун тун кызымдын төрөлүшү, турмушумда бурулуш жасоомо түртү болду десем болот. Келиним окуусун бүтүрүп алсын деп, небере багуу үчүн жумуштан чыгып, үйдө отурдум. Көпчүлүк учурда жумуштан бошогондор, пенсияга эрте чыккандар үйдө отурганда депрессиялык абалга кабылып кыйналышаарын угуп калаар элем. Бирок, менде андай болгон жок. Эки неберемди катар багып, бала менен бала болуп, алардын дүйнөсү менен жашоо кайра мени жашартты десем болот..

-Үй-бүлөдө жолдошуңуз, уулдарыңыз ишкер чөйрөсүндө экен. Үй-бүлөлүк дасторкондо эмне тууралуу көп кеп кылышат болду экен?

-Жолдошум экөөбүз 30 жылдан ашуун чогуу жашаган өмүрүбүздө далай өйдө-ылдый, бар-жокту көрдүк. Көкөлөп, ийгиликтин бийик секисинде жүргөн кезде көптөргө жардам колун сунуп, кайрымын сурабай, жерлигине карабай, чыгармачыл инсандарга, алыс-жакын тууган, жердеш, тааныштардан жакшылыгыбызды аябай келдик. Ошону менен бирге кыйын кездер да болду. Ошондой мезгилде көп “достор”, “жакшы санаалаштар” алыстап кеткен учурлар болду. Тескерисинче, биз күтпөгөн окуя, жакшы күндөрдө тыгыз катышыбыз болбосо да, тек саламыбыз түз болуп жүргөн белгилүү ортопед Сабыр Жумабековдун бийик адамгерчилик сапаттарына баа бердик. Адам, кандай социалдык абалда болбосун баарына бирдей мамиле жасаган интеллекти бийик инсан экенине тан берип келем.
Албетте, жакшы адамдын жакшы аялы, менин жакын курбум да эч нерсеге карабай жардамын аябады. Эч качан унутпай сыйлап өтчү адамдарым бар экенине топук кылам. Барга көппөй, жокко чөкпөй... Басып өткөн жолубузду балдарыбызга айтып беребиз, мактаныч же өкүнүч үчүн эмес, аларга сабак болушу үчүн.
Акчанын артынан кууган жан эмесмин. Буюрган ырыскымды алаармын, бирок башканы айтпаганда да, ар бир жаңы ачылган ишкана кошумча жумуш орун, мамлекеттин казынасына салык. Эң башкысы топук кыла билүү адамдык парз деп билем.

-Ишиңизди ийгилик коштосун.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020