27 августа 2015, 12:19

Токон Мамытов: «Коррупцияга каршы күрөштө саясий эрк бар, бирок уюштуруу, көзөмөл жана кадр маселеси начар»

Токон Мамытов, «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын мурунку директору: «Коррупцияга каршы күрөштө саясий эрк бар, бирок уюштуруу, көзөмөл жана кадр маселеси начар»

– Токон мырза, «Кумтөрдүн» чатагынан улам арыз жазып кызматтан кетип калдыңыз эле. Андан бери, жарым жылдай убакыт өтсө да, негедир «Кумтөр» маселеси дымып тургансыйт. ЖКнын жаңы депутаттары келгенче бул маселе каралбай тура береби?

– Өкмөт депутаттардын шайланып келишин күтпөй эле, өз алдынча карай берсе болот. Себеби азыркы өкмөт башчы көчөдөн келген жок. Ал буга чейин «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болгон адам. Демек, ал бул маселени терең билет. «Кумтөр» маселесин эми Жогорку Кеңешке көп эле шылтоо кыла бербей, өкмөт өзү чечиши керек.
– «Кумтөр» чатагынан улам, сизден башка Оторбаев, Дүйшөн Ырсалиев да кызматтан кетпедиби. Бирок ал чатактын чыгышына ким күнөөкөр экени коомчулукка ачыкталбай калды. Күнөөлүүлөр жоопко тартылыш керек эле да. Туурабы?
– Туура, ал чатак жөн чатак эмес, мамлекеттик деңгээлдеги маселенин чатагы да. Бирок менин байкашымча ошол кездеги өкмөттүн «Кумтөр» маселесин чечем деген аракети болгон жок. Башка оюн кылып туруп алды да. Мисалы, “Центерра” менен түзүлгөн мурунку 50х50 деген келишимди өкмөт токтом менен кабыл алып, аны парламент жактырган. Бирок иш жүзүнө келгенде өкмөт өз токтомун аткарган жок да, анан мен “Кыргызалтынды” жетектеп турганда ал келишим боюнча чечимди жокко чыгар деп сунуш кылышты да.

Мен кантип жокко чыгарам? Акым жок да. Аны өкмөт башчы өзү жокко чыгарышы керек болчу. Андай кадамга барсам, менин прокуратура камап коймок. Негизи, 50х50 боюнча келишимде директорлор кеңешине лорддорду алып келүү деген маселе жок болчу. Балээнин баары ошол лорддордон чыкты. Кыскасы, бул жерде чоң саясат болуп кеткен. Ошондуктан, мен арыз жазып кызматтан кеттим. Эгер бул маселени тереңдетип иликтеп текшерсе, ким күнөөлүү экени оңой эле ачыкталат. Эмне үчүн күнөөлүү адамдар жоопко тартылбай калганын, эмне үчүн бул маселе аягына чыкпай турганын өкмөт менен парламенттен сураш керек. Айтор, бул маселедеги суроонун баарына өкмөт жооп берүүгө тийиш.
– Эми башка кепке өтөлү. Тажрыйбасы чоң саясатчы катары биометрика маселесине ишенимиңиз кандай? Чындап эле биометрика менен шайлоо таза болобу?
– Негизи биздин мамлекетке түпкүлүгү биометрика сөзсүз керек. Ошон үчүн биометриканын киргизилишин өкмөт да, парламент дагы жактырды. Көптөгөн чет өлкөлөр мындай ыкмага эчак эле өтүп кетишкен. Биз болсо эми гана баштап жатабыз. Бирок муну коомчулук бир кылка жактырды деп айтуу кыйын. Себеби анын ар кандай жүйөлөрү бар. Бизде бейөкмөт уюмдары ушул сыяктуу жаңылык болгон чоң маселелердин күнгөй-тескейин ар дайым айтып келатышпайбы. Бул жолу да биометриканын ишке берилишиндеги, жалпы сыноодогу бир катар кемчиликтерди ачык айтып, өкмөт менен БШКга кайрылышпадыбы. Алар эмне деген жооп айтышат мага да кызык болуп турат. Балким кимдир бирөөлөр ошондой чындыкка анча дал келбеген сөздөрдү таратты, эми анын баарын өкмөт өзү териштирип, жыйынтыгын коомчулукка жарыялашы керек. Болбосо биометрика тууралуу ар кандай сөздөр тарай бериши толук мүмкүн.
– Бул чакырылышта 3,5 жыл депутат болуп, парламенттин кандай кемчиликтерин байкадыңыз?
– Парламенттин ишмердүүлүгүнө жакшы деген баа берсек болот. Себеби 7-апрель окуясынан кийин, июнь окуясынан кийин стабилдүүлүктү кармап калуу оңойго турган жок да. Анын үстүнө ЖК мурда салынган жол менен эмес, жаңы парламенттик системага жол салып, анын коомдогу, бийликтеги ордун чыңдоодо көп аракеттерди жасады. Бирок айрым бир кемчиликтер болгонун моюнга алышыбыз керек. Эл депутаттар мыйзам жазбай эле кызмат бөлүшүү менен алек деп сынап жатышпадыбы. Ал сөз да бекер жерден чыккан жок. Чынында эле ошондой көрүнүштөр болду. 5 — чакырылыштын депутаттары жалпы шайлоочулардын болгону 36,5 пайызын алышты, бул деген мыйзамсыз дешти.

Мен ушуга бир жооп айтайынчы. 2013-жылы биз АКШга иш сапар менен бардык. Ал жактын конгрессинде депутаттар менен жолугушканда ушул маселе тууралуу сөз болуп, алар: “АКШнын бардык депутаттары жалпы шайлоочулардын 16 пайызына гана ээ болуп шайланып келдик”, — деп күлүп жооп беришти. Ошондо калганын салыштырып көрүңүз да. Сапатсыз мыйзамдар да көп кабыл алынды деген сөздөр айтылууда. Туура көптөгөн мыйзамдар кабыл алынды, анын арасында айрым сапатсыз мыйзамдар да бар. Бирок биз коомчулукка, адистерге, бейөкмөт уюмдарына мыйзам долбоорлорун сунуштоо боюнча билдирүү тараттык да. Жыйынтыгында 3-4 гана бейөкмөт уюмунун жетекчилеринен бир канча мыйзамдын долбоорлоруна сунуштар түштү. Албетте, бул дагы жакшы көрүнүштөрдүн бири. Негизи, мыйзамдардын 60-70 пайызын өкмөт жазышы керек болчу. 5-10 пайызын бейөкмөт, илимдер академиясы ж.б. жазышы абзел. Ал эми парламент 15 пайыз эле жазышы керек. Бул эми дүйнөлүк практика. Азыр бизде тескерисинче болуп жатпайбы, бул эми акырындык менен жолго салына турган маселе.
– Чек ара маселесин айтпасаңыз болбойт. Акыркы беш жылда бул маселе канча пайызга чечилгенин айта аласызбы?
– Мен чек ара кызматын эки жолу жетектедим, бир топ жыл орун басар да болуп турдум. Кыргызстандын чек арасын тактоого, чечүүгө колдон келген салымымды коштум деп айтсам болот. Кудай буюрса, Казакстан, Кытай менен чек арабыз чечилди. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүгө 2000-жылдан кийин гана кириштик. Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат. Анын 1000 чакырымдын тегерегиндегиси чечилген, калганы чечилбей турат. Чечилбеген жерлер ар кайсы райондордо, ал жерлерде болгондо да талашка түшкөн ар кандай объектилер бар. Биринчи кезекте ошол объектилердин тагдыры чечилмейинче, башкасы чечилбейт.

Тажикстан менен болсо чек ара аймагыбыз 975 чакырым. Ошонун 511 чакырымы такталып, чечилген. Бирок мунун дээрлик баары эл жашабаган тоо аймактары болуп эсептелет. Эл жашаган, айдоо, жайыт жерлерге келгенде тактоо, чечүү маселеси кыйындап, өтө эле жай жылып калбадыбы. Кыргыз тарап чек араны чечүүгө 100 пайыз кызыкдар жана 99 пайыз аракет кылып жатат деп айтууга болот. Бирок тажик, өзбек тараптан мындай көрүнүштөр талапка ылайык болбой, айрым учурда ар кандай чатактар чыгып жатпайбы. Менимче, 2010-жылдан бери Тажикстан менен болгону 48 чакырым чек ара аймагы чечилди. Өзбекстан менен 150-200 чакырым аймагы чечилди, бул эми чоң аракет, чоң жетишкендик десек болот. 2010-жылдан бери ЖК чек ара маселесине абдан жакшы көңүл бурду. Биринчи кезекте чек ара маселесинин материалдык базасын жакшыртып берди. Эми алдыда шайланып келе турган 6 -чакырылыштын депутаттары да чек ара маселесине болушунча көңүл буруп, чек ара маселесине бөлүнгөн акчанын суммасын дагы да көбөйтүүсү зарыл. Чек арачылардын санын көбөйтүп жана бардык жактан сапатын да жакшыртуу керек.

Бизде чек ара маселесин бат эле чечип коюшпайбы дегендер да көп. Негизи чек ара маселеси бат эле чечилбейт. Мисалдарды айтайынчы, АКШ менен Мексиканын чек арасы кылымдар бою чечилей келатат. Кытай менен Япониянын, Бельгия менен Голландия ж.б. ондогон өлкөлөрдө чек ара маселеси чечиле элек. БУУда 200гө жакын мамлекет мүчө болсо, анын ичиндеги 75 мамлекеттин чек арасы чечиле элек. Дагы анын ичинен 22 мамлекеттин чек ара маселеси биздикинен да өтө курч, өтө көйгөйлүү болуп турат.
– Учурда өлкөдө дин боюнча кырдаал оор болуп турат. Бул боюнча эмне айтасыз?
– Айрымдар дин бул маданияттын, идеологиянын бир бутагы, бир түрү деп айтышат. Мен ушул экөөнө тең эле макулмун. Бизде Баш мыйзам боюнча дин мамлекеттен ажыратылган. Бул негизинен туура эмес. Тескерисинче, мамлекет динге жардам берип, коопсуздугуна, келечегине байкоо салып турушу керек. Кыргызда: “Чала молдо дин бузат” деген эң таамай айтылган кеп бар. Бүгүнкү күндө мамлекет диндин абалына байкоо салбай жатып, ошол чала молдолор динде каалаганын кылышып, чалмакейди чалып жатышат. Куранды окубаган, аны түшүнбөгөн молдокелер да көбөйүп кетти да. Кыскасы, мамлекет динди тартипке салуу саясатын мындан да күчтөөсү абзел.

Болбосо бош коюп койсо, диндеги кырдаал улам тереңдеп, чоң чатак чыгып кетет. Мына азыр Сирияга кеткендердин санын так билбейбиз да. Бир маалыматта 300, дагы бир маалыматта 500 деп жатышат. Так санды укук коргоо органдары жергиликтүү бийлик менен бирдикте такташы керек. Айылдагылар ким каякта, эмне иш менен алек, ким кайда барып жатканын эң сонун билишет. Ошондуктан жергиликтүү бийлик менен жалпы эл бул маселеде сөзсүз түрдө укук коргоо органдарына жардам бериши абзел.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020