Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев дүйнөнүн башкы судьяларынын 26-Эл аралык конференциясына катышты.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Индияда өткөн дүйнөнүн башкы судьяларынын 26-Эл аралык конференциясында кыргыз тилинде сүйлөдү.
Индиянын Нью-Дели, Агра жана Лакхнау шаарларында 19–ноябрдан 24-ноябрга чейин дүйнөнүн башкы судьяларынын 26-Эл аралык конференциясы болуп өттү. Ага жер жүзүнүн 52 мамлекеттинен өкүлдөр келишип, 13 өлкөнүн Жогорку сотторунун төрагалары катышты.
Иш-чара «Бириккен Улуттар Уюму жана анын Уставы жөнүндө жаңы көз караш» темасына арналды. Анда глобалдык тынчтык, эл аралык коопсуздук, адам укуктары жана заманбап чакырыктарды чечүүдөгү сот бийлигинин ролу талкууланды.
Конференциянын уюштуруучусу Лакхнаудогу Монтессори шаардык мектеби болду. Ал окуучуларынын саны боюнча Гиннесс рекордунда “дүйнөдөгү эң чоң мектеп” деп катталган жана ЮНЕСКОнун «Тынчтык маданиятын калыптандыруу» сыйлыгынын лауреаты болуп саналат.
Пленардык сессиянын алкагында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сөз сүйлөп, сот адилеттигин бекемдөө ишинде эл аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи:
« Кыргыз Республикасы кичинекей өлкө болгону менен, укук маселесине, адамдын кадыр-баркына жана адилет сот ойлоруна терең урмат менен мамиле кылат.
Сот системасын жетектөөдө мен көз карандысыз сот жөн гана институт эмес, бул мамлекеттин туруктуулугунун жана коомдун ишениминин кепилдиги экендигине ишенем. Ошондуктан биз сот адилеттигин тынымсыз өнүктүрүүгө жана модернизациялоого умтулабыз.
Бүгүнкү күндө дүйнө олуттуу коркунучтарга туш болууда: эл аралык кагылышуулар, терроризм, гуманитардык кризистер, климаттык кысымдын өсүшү. Мунун баары адамзаттын жаңы ыкмаларга, жаңы чечимдерге жана глобалдык кызматташуунун жаңы механизмдерине муктаж экенин көрсөтүп турат. Бул жерде соттордун ролу чоң. Соттор саясий кырдаалдан жогору турган принциптердин коргоочулары. Жагдай тез өзгөргөндө да биз мыйзамды коргоого милдеттүүбүз».
Иш-чарада конференциянын темасына кайрылып, төрага Сатыев төмөнкүлөрдү кошумчалады.
«Бүгүнкү дүйнө өз ара аракеттенүүнүн глобалдык механизмдерине жаңы, жаңыланган көз карашты талап кылат. Судьялар коомчулугу бул процесске салмактуулукту, объективдүүлүктү жана адам укуктарына болгон урматты киргизе алат».
Өз баянында Медербек Сатыев Кыргызстандагы сот системасындагы коррупцияга каршы күрөш темасына өзгөчө көңүл бурду. Ал акыркы жылдардагы сот реформаларынын алкагында маанилүү кадамдар жасалганы менен, коррупциялык коркунучтар дагы деле актуалдуу маселе бойдон калганын белгиледи.
«Бул абдан олуттуу көрүнүш, анткени сот бийлиги демократиялуу коомдун негизги тиреги. Эгер жарандар сотко ишенбесе, анда алар мыйзамдын алкагынан сырттан адилеттик издөөгө аргасыз болушат. Бул болсо социалдык туруксуздукка жана укуктук нигилизмге алып келиши мүмкүн.», — деп белгиледи төрага.
Төрага коррупцияга каршы күрөштө кабыл алынып жаткан негизги чараларда социалдык кепилдиктерди жогорулатуу, судьялардын көз карандысыздыгын чыңдоо жана кадрдык, тартиптик маселелерде Судьялар кеңешинин ролун бекемдөө;• ачыктыкты жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде QR-коддорду жана ачык сот отурумдарын киргизүү;• сот системасын активдүү санариптештирүү, адам факторун минималдаштыруу;• судьялар үчүн кесиптик этика жана антикоррупциялык маданият боюнча үзгүлтүксүз окутууларды уюштуруу;• заманбап антикоррупциялык ыкмаларды киргизүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү маселелерин белгиледи.
Төрага бул чаралар биринчи жыйынтыктарды бере баштаганын, бирок туруктуу иштер жана мындан аркы реформалар дагы да зарыл экенин баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков баяндама менен чыгып сөз сүйлөдү. Ал ««Климаттык жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кризистерге каршы күрөшүүнүн укуктук негиздери» аттуу тема боюнча баяндама жасап, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда, эл аралык кызматташууну бекемдөөгө жана глобалдык чакырыктар шартында жарандардын укуктарын коргоого багытталган укуктук механизмдердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Иш-чарага төрага Медербек Сатыев уюштуруучулар тарабынан бул абройлуу эл аралык конференциянын Башкармалыгынын ардактуу мүчөсү катары чакырылды. Аталган конференция жаңы миң жылдыктын башынан тартып өткөрүлүп келет.
Жыйында 26-Бүткүл дүйнөлүк башкы судьялардын эл аралык конференциясынын резолюциясынын долбоору талкууланды. Анда төрага Сатыев документке Эл аралык экологиялык сотту түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо демилгесин киргизип, ал колдоо тапты. Ал эми бул сунуш өлкө президентинин экологиялык багыттагы мамлекеттик саясатын илгерилетүүнүн логикалык уландысы болуп саналат.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө келерки жылы өтө турган 27-Бүткүл дүйнөлүк башкы судьялардын эл аралык конференциянын күн тартибинин долбоору талкууланды.
Индияда өткөн дүйнөнүн башкы судьяларынын 26-Эл аралык конференциясына биздин өкүлдөрдүн катышуусу Кыргыз Республикасы эл аралык кызматташууларга жана укуктун үстөмдүгүн, көз карандысыз сот адилеттигин чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерге ачык экендигин дагы бир жолу тастыктайт.






