
Президентибиз Садыр Нургожоевич башкы максат – бакубат жана коопсуздукта жашаган, светтик, көз карандысыз жана өнүккөн Кыргызстанды куруу экенин белгилеп келет. Бул максатка жетүүдө Министрлер Кабинети жана аткаруу бийлиги өз ишин натыйжалуу, ыкчам жана иш билги аткарып келет. Президенттин реформалык чечимдерди өз убагында кабыл алышы жана командасынын сергек иштөөсү өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн ылдам темп менен жүрүүсүнө шарт түздү.
НЕГИЗГИ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА РЕФОРМАЛАР
1. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ ЖАНА ФИСКАЛДЫК РЕФОРМА
• Акыркы 4 жылда жүргүзүлгөн фискалдык реформа жана санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөшүү аркылуу бюджет профицитке чыгарылды.
• 2024-жылы ИДП 1,5 трлн сомдон ашып, жылдык өсүү 9%ды түздү. Бул рекорддук көрсөткүч.
• Мугалимдердин, врачтардын, аскерлердин жана укук коргоочулардын айлык акылары, ошондой эле пенсиялар жана жөлөкпулдар олуттуу жогорулады.
• Экономиканын структурасын индустриалдаштырууга багыттоо натыйжасында 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ачылды.
2. СТРАТЕГИЯЛЫК ДОЛБООРЛОР
• Кумтөр кени мамлекетке кайтарылып, өлкө бюджетине зор киреше алып келди.
• Камбар-Ата‑1 ГЭСинин курулушу башталып, бул энергетикадагы эң ири долбоор катары бааланууда.
• Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна страт берилди, бул долбоор – эл аралык транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө жана аймактын экономикасын жандандырууда маанилүү роль ойнойт.
3. СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТТЕРДИН КУРУЛУШУ
• Ипотекалык курулуштар, мектептер жана башка социалдык объекттер рекорддук темпте курулууда.
• ИДПнын ичиндеги курулуш тармагынын көлөмү 285,7 млрд сомду түздү. Курулушка болгон инвестициялар ички булактар боюнча 1,3 эсеге, тышкы булактар боюнча 11,5%га өстү.
• Курулуш тармагында иштегендердин айлык акысы 28,6%га көбөйдү.
4. САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
• Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү аркылуу бюрократия азайып, эл документтерди ыкчам алууга мүмкүнчүлүк алды.
• Салыктык эсептешүүлөрдө санариптештирүү аркылуу кирешелерди каттоо ачык-айкын жүрүүдө.
5. ЧЕК АРА ЖАНА АЙМАКТЫК БҮТҮНДҮК МАСЕЛЕСИ
• Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы чек аранын такталышы 100 жылдан бери чечилбей келген маселеге бүгүнкү күндө чекит коюлду. Эки өлкө лидерлеринин аракети менен чек аранын кээ бир көйгөйлүү участоктору боюнча макулдашууларга кол коюлуп, бекитилди. Бул тарыхый кадам эки элдин ортосундагы достук мамилелерди күчөтүүгө жана чек арадагы туруктуулукту камсыздоого багытталууда.
• Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелер боюнча тарыхый келишимдер даярдалып, 2025-жыл мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыздоочу жыл катары белгилениши күтүлүүдө.
АЛДЫДАГЫ МАКСАТТАР
2025-жылы 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынат. Анын негизги максаттары:
1. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу.
2. Элдин жыргалчылыгын жакшыртуу.
3. Адамдык потенциалды өнүктүрүү.
4. Экономиканын стратегиялык тармактарын күчөтүү.
5. Улуттук долбоорлорду ишке ашыруу.
Кыргызстан акыркы 4 жылда бекем пайдубал түптөп, өнүгүүнүн 1‑этабын ийгиликтүү аяктады. Алдыда 2030-жылга чейинки 2‑этабы турат, мында азыркы жетишкендиктерди бекемдөө жана жаңы ийгиликтерге жетүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын темпин сактоосу талап кылынат. Убакыт, тартип жана чечкиндүү кадамдар – негизги кыймылдаткыч күч бойдон калат.




