















Араван районунда 90 жылдык мааракеге карата бир күндө 9 өндүрүш ишканасынын курулушу башталды
Бүгүн, 12-ноябрь күнү Ош облусунун Араван районунун 90 жылдык мааракесине карата райондун Гүлбар айылында индустриялык өнөр жай аймагын түзүү боюнча пайдубал түптөө аземи өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жана Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев катышты.
Мааракенин алкагында райондо бир убакта 9 өндүрүш ишканасынын курулушуна старт берилип, аларга капсула салынды. Курулуп жаткан ишканалар ишке берилгенден кийин 350дөн ашуун жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот.
Курулушу башталган ишканалар:
1. Биргелешкен көмүр өткөрүү пункту
• Долбоордук баасы: 16,3 млн доллар
• Аянты: 4 га
• Ишке кирүү мөөнөтү: 2026-жыл
• Жумушчу орундар: 30
2. Сүт азыктарына арналган идиштерди чыгаруучу цех (ЖЧК “Сонун Курут”)
• Баасы: 35 млн сом
• Имарат аянты: 1500 м²
• Жердин аянты: 0,9 га
• Ишке кирүү мөөнөтү: 2026-жыл
• Жумушчу орундар: 25
3. Профиль жана терезе чыгаруучу цех (ЖЧК “Силк Инвестмент Групп”)
• Баасы: 175 млн сом
• Аянты: 4 га
• Ишке кирүү мөөнөтү: 2026-жыл
• Жумушчу орундар: 20
4. Бетон чыгаруучу завод (ЖЧК “Металлокаркасное проектирование Чанхун”)
• Баасы: 525 млн сом
• Аянты: 8 га
• Ишке кирүү мөөнөтү: 2026-жыл
• Жумушчу орундар: 50
5. Кыш чыгаруучу завод
• Баасы: 700 млн сом
• Аянты: 8,33 га
• Ишке кирүү мөөнөтү: 2026-жыл
• Жумушчу орундар: 110
6. Автоклавдык газоблок чыгаруу заводу
• Баасы: 324 млн сом
• Аянты: 9 га
• Жумушчу орундар: 50–60
7. Эшик өндүрүүчү цех
• Баасы: 126 млн сом
• Аянты: 4 га
• Жумушчу орундар: 30
8. Бетон чыгаруу заводу (кошумча)
• Баасы: 105 млн сом
• Жумушчу орундар: 25
9. Акиташ өндүрүүчү завод
• Баасы: 90 млн сом
• Аянты: 4 га
• Ишке кирүү мөөнөтү: 2026-жыл
• Жумушчу орундар: 30–35
Араванда өнөр жай аймагынын түзүлүшү район экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатууга багытталган.
———-
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы




