jump to https://bit.ly/2YXP4q5
30 января 2013, 09:22

Улукбек Кочкоров: Атамбаев Каримов өлгөндөн кийин чек ара маселеси чечилээрин айтты.

Улукбек Кочкоров: Атамбаев Каримов өлгөндөн кийин чек ара маселеси чечилээрин айтты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Кочкоровдун Баткенде шайлоочулар алдында чек ара, Сох маселеси боюнча сүйлөгөн сөзүнөн:
 
 
- "… Президентке кирдим, 45 мүнөт кеңири сүйлөшүп отурдук. Ушул маселени айттым. "Эл менден эл өкүлү катары талап кылып жатат. "Мамлекет мамлекеттин функциясын аткарсын, анда өзбектер да өтпөсүн, өзбектер да Ошко барып өтүп келишсин" деген талапты мага коюп жатат. Ушуну чечип бериңиз" -десем, ал кишинин айткан сөзү ушул болду, "Бүгүнкү күндө Кыргызстандын армиясынын ал-акыбалын билесиң. Өзбекстандын ал-акыбалын билесиң. Эгер чындап согуш боло турган болсо, бир күндө түштүктү толугу менен алып коёт. Силер түшүнгүлө, Каримов вечно жашабаса керек. Үч-төрт жылда өлсө керек. Өлсө, анан чечебиз”-деген сөздү айтты. "Бир жылдан бери көтөрүп жатам. Бүргөндүдө эмне үчүн кычыраган кышта биздикилер 13 миң сомдон көмүр алып жагып жатса, бизден чыккан нефти менен газды өзбектер бекер алып чыгып кетип жатат. Муну албайбызбы?" деп эки жылдан бери чыркырап келатам". Ушул маселени да айттым. Биз токтомдорду кабыл алып берип жатабыз, "кайтарып алгыла” деп. Бүгүнкү күндө өзбектер ошол жерге "танковый дивизиясын” алып келип, 50–60 танкасы келди деген маалымат бизге келди. Ушундай кооптонуу болуп жатат, танкаларын алып келип жатыптыр, Бүргөндүдө "мотоаткычтар” батальонубуз, БТРлерибиз бар. Ошол БТРден төртөөнү ошол жерге коюңуз. "Газпромдо” болгону төрт чек арачы солдатыбыз турат. Ошого "поддержка” болуп турсун. Ошол жерге застава коюп, 30–40 солдатты алып барып коюп, эгер басып кирип келе турган болсо, муну чыгарыш согуш менен болот. Ушуну кылып койбойсузбу" десем да президент түшүнбөдү. Кырк беш мүнөт экөөбүздүкү абысын айтыш болду. Элди кыйнабагыла деген катуу, ачуу сөздөрдү айттым. Президенттин өтө ачуусу келип, 2–3 жолу ордунан туруп, неме кылып. Орозонун күнү болчу. "Орозонун күнүндө мен сиз менен урушайын деген ниетим жок эле. Бирок элдин талабы, айтпасам болбойт, аманат сөз”- деп айтып жеткирдим. Бирок түшүнбөй жатат…”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter