jump to https://bit.ly/2YXP4q5
28 марта 2013, 16:10

А.Атамбаев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барды (видео)


Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барды. Өлкө башчы Ала-Бука районундагы өзүнчө тоо аткычтар аскер бөлүгүнүн ачылыш аземине катышып, күжуүрмөн туу тапшырды. Андан кийин өлкө башчы Жала-Абад облусунун активи жана аксакалдары менен жолукту. Ошондой эле, облустук администрациянын алдына нааразылык акциясына чыккандар менен жолугуп, алардын талаптарын укту. 

 А.Атамбаев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барды (видео)Алгач өлкө башчы Ала-Бука районундагы өзүнчө тоо аткычтар аскер бөлүгүн ачып, аларга күжүрмөн туу тапшырды. 
Мамлекет башчы чек арага жакын тоо атькычтар батальонун түзүү өлконүн коопсузудугун, элдин бейпилдигин камсыз кылуу боюнча маанилүү кадам ,- дейт.
 Алмазбек Атамбаев, Президент: "Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жаңылоо милдети турат. Бизге кесипкөй, заманбап курал-жарак менен жабдылган армия керек". 
Ошондой эле, офицерлердин социалдык маселелерин чечүү керек жана армия ар дайым мыкты даярдыкта болуш үчуүн сапаттуу билим берүүнүн зарылдыгына токтолду.  
 Атамбаев Ала-Букадан кийин Жалал-Абад облустук администрациясында аймактын аксакалдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолукту. Өлкө башчы элди бөлүп-жарган саясий оюндарды токтотуш керек деп, кыргыз эли бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганда гана Кыргызстан өнүгөөрүн белгиледи.  
 Алмазбек Атамбаев, Президент: "Митингдердин мезгили бүттү. Эми биз иштешибиз керек. Өлкөдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан өжөрлүк менен эмгектенсе, жакын арада гүлдөгөн мамлекетке айланат. Курманжан-датка бир уулу үчүн өз элин курмандыкка чалбайм деген. Бизге тынчтык керек, деген ал. Кыргызстанга тынчтык гана керектигин дагы бир ирет белгилеп кетет элем". 
 Ошондой эле, социалдык-экономикалык маселер тууралуу да сөз болду. Президент Бишкек-Ош каттамы боюнча атаандаш унаа жолунун курулушу 2014-жылдын жаз айларында башталат, - деп да билдирди.  
 Алмазбек Атамбаев, Президент: "Жыл аягына дейре автожолду куруу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жыйынтыктоо пландаштырылууда. Жол тилкелерге бөлүнгөн. Келерки жылдын жазында алгачкы участоктордун курулушу башталаарына ишеним бар".
 Ал эми аксакалдар - айыл өкмөттөрдү мамлекеттик органдар биринен-бири өтүп, байма-бай текшерип жатканы ишке кедерги тийгизип жатканын айтты.  
 Алмазбек Атамбаев, Президент: "Ооба, тура, текшерүүчүлөрдүн санын азайтыш керек. Азыр реформа жүрүүдө.  Жол жана каналдарды кредит алууга туура келсе да, курабыз. Куруу иштерин аткаруу керек, анткени мезгилдин өтүшү менен карыздар кечирилиши жана жоюлушу мүмкүн. Россия жана Түркия карыздарыбызды жойду. Коркпостон, куруу иштерин аткаруу керек".
 Жөнөкөй жаранбы, бийлик башындагы адамбы, баары мыйзам алдында бирдей. Бул сөзүн президент Жалал-Абад облустук администрациянын алдында депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду бошотууну талап кылгандар менен жолукканда билдирди.
 Алмазбек Атамбаев, Президент: "Депутат КамчыбекТашиевдин иши боюнча сот өз чечимин чыгарат. Анын күнөөлүү, же күнөөсүз экендигин сот гана чечет. Мен сотко кийлигише албайм. Соттун жыйыны ачык өтүүдө, ага көптөгөн журналисттер жана катардагы жарандар катышууда. Бардыгы процесстин жүрүшүнө көз салууда жана анын катачылыктары болсо, көрүнөт".  
 Ошондой эле  Кумтөр боюнча бардык маселелер Кыргызстандын пайдасына чечилет. Учурда бул багытта иштер жасалууда,-дейт.  
 Учурда облустук администрациянын алдында митинг өтүүдө. Пикет- митингдердин болушу жакшы, анткени нааразылык акциясы аркылуу бийликтин көзүн май баспайт, ал аша чапкан аракекттерге барбайт, - деп айтты президент өз сөзүндө. Бирок кандай гана пикет-митинг болбосун, бары мыйзам чегинде өтүш керек.
 
Гулнара Касымбекова, Алтынхан Бабаев, Коомдук биринчи канал, Жалал-Абад облусу
ktrk.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter