
Бишкекте жалпы аянты 34 500 чарчы метрди түзгөн көп тармактуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушу башталды. Объекттин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 3 миллиард сом бөлүнүп, кийинки жылга бүтүрүү пландалууда. Оорукана 440 орунга ылайыкталган жана 11 адистештирилген бөлүмдөн турат. Биз бул тууралуу академик Сабырбек Жумабеков менен маектештик.
— Сабырбек Артисбекович, өлкөдө бир нече медициналык улуттук борборлор иш алып барат, эми алардын катарына Травматология жана ортопедия улуттук борбору кошулганы турат, курулуш бүтсө ал калк үчүн кандай кызмат аткарат?
— Президент Садыр Жапаров февраль айында “Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. 2 ай өтпөй борбордун капсуласы салынды. Улуттук борбордун курулушу бүгүнкү шартта абдан зарыл. Себеби, ар кандай кырсыктардан травма алган адамдардын саны улам көбөйүүдө. Бул тенденция дүйнөдө ушундай. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда адам өлүмүнүн себептеринин арасында жаракат алуу 3‑орунда турат. Азыркы иштеп жаткан медициналык мекемелер жарандардын муктаждыктарын толук канааттандыра албайт. Андыктан, жаңы борбор жаракат алган жана таяныч-кыймыл оорулары менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртаары анык. Кыргызстанда бир катар медициналык улуттук борборлор бар, алар ийгиликтүү иштеп жатат. Бирок, таяныч-кыймыл ооруларына багытталган ири борбор алгач ирет салынууда.
— Мындан 3 жыл мурда Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору жоюлуп, шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөн эле. Андан бери кандай өзгөрүү болду?
— Биздин өлкөдө Улуттук борбор аткара турган ишти 20 жылдан бери мурдагы Бишкек травматология илимий борбору аткарып келген. Андан кийин 2022-жылы мурдагы министр борборду жоюп, шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасын түзгөн. Борбор жоюлганда, көйгөй чечилген жок. Иш аягына чыккан жок. Илим бар жерде, өнүгүү болот. Эгер ооруканадан илимди алып кое турган болсок, жөн гана райондук же облустук оорукананын деңгээлинде гана болуп калат. Минтип кайрадан улуттук борбор болуп түзүлүүсү дарыгерлердин көп жылдык аракети, максаты болгон. Мисалы, кошуна мамлекеттер эчак эле бул маселени чечип, Улуттук борборлорун куруп алышкан. Өзбекстанда Травматология жана ортопедия улуттук борбору иштеп жатканына 90 жыл болду. Казакстанда 30 жылдан бери иштейт. Россия жаңы 5 борбор салды, аларда жалпы таяныч кыймылдарынан жабыркагандар үчүн 10 улуттук борбору ийгиликтүү иштеп жатат. Мындан улам, бизде да борбор куруу актуалдуу. Президент Садыр Жапаров биз даярдаган долбоорду 2 жолу карап чыгып, долбоорду колдоду. Мамлекет башчысынын колдоосу менен каржы булагы табылып, борбордун курулушу башталып отурат. Бул мүдөө дарыгерлердин кыялы болчу.
-Негизинен таяныч-кыймыл ооруларын дарылоо кандай ишке ашат? Ар түрдүү кырсыктардан майыптык алган жарандар да аз эместир, бейтаптар кандай оорулар менен көбүрөк кайрылышат?
— Ушул оорукана түзүлүп, жаңы ишке кирип баштаганда сыныкты дарылаш үчүн 1 бейтап 49 күн жатчу. Бут керебетке асылып, байланып 45 күндөн кийин гипстелчү. Азыр бейтап 11 күн эле жатат. Эмне үчүн азайды? Анткени, жаңы технологиялар киргизилди. Азыр бейтап келгенден соң, 1 жумада операция жасалат. 11 күндө дарыланып үйүнө чыгып кетет. Европада 3 күн жатат. Эффективдүүлүк бар. Дарылоо көрсөткүчүн 8–11 күнгө түшүрсөк болот. Экономикага да салым болот. Мындан 30 жыл мурда Бишкекте калктын саны азыркыга салыштырмалуу азыраак болчу. Азыр ар түрдүү тубаса оорулар менен ооругандар, андан тышкары ар түрдүү кырсыктардан улам сынык, жаракат алган бейтаптар көп. Майыптуулукту азайтып, адам сыныктан кийин түптүз басып калышы зарыл. Майыптуулук албаш керек. Жаңы борбордун пайдасын эл көрөт. Улуттук борбордо томографиянын түрлөрү болот. Дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташкан бейтаптарга жардам берүү камсыздалат. Илим изилденет, жаш дарыгерлер тарбияланат. Региондордогу ортопед-травматологдор окутулат. Азыр сыныктарды дарылоо боюнча айырма жок болуп калды. Алайдан баштап, Ата-Башыга чейин дасыккан дарыгерлер иштеп жатат.
— Өзүңүз операцияларга катышып жатасызбы?
— Шаардык Тез жардам ооруканасында окуучуларым иштейт. Илим да өнүгүүдө. Бир кадам артка кеткен жокпуз. Күнүгө 5–6 бейтапка операция жасайм, бейтаптарды кабыл алуу иштери менен алекмин.