Турсунтай Салимовдун кылмыштуу топтор менен байланышы жок – адвокат Нурлан Ибраимов

Айрым булак­тар­да Тур­сун­тай Сали­мо­в­дун кыл­мы­штуу топтор менен бай­ла­ны­шы туу­ра­луу анык­тал­ба­ган маа­лы­мат­тар пай­да бол­ду. Буга жооп ката­ры, Тур­сун­тай Сали­мо­в­дун жак­то­очу­су, Нур­лан Ибра­и­мов мын­дай маа­лы­мат­тар чын­дык­ка дал кел­бей тур­ганды­гын жана Тур­сун­тай Сали­мов Камчы Асан­бек­тин (Көл­ба­ев) куда­сы эмес экен­ди­ги же кан­дай­дыр бир туу­ган­дык бай­ла­ны­шы жок экен­ди­гин бил­дир­ди. Ошон­дой эле, Т.Салимовдун К. Асан­бек менен ишке бай­ла­ны­штуу жана баш­ка жаг­дай­лар боюн­ча эч кан­дай мами­ле­си бол­гон эмес.

Тур­сун­тай Сали­мов эч качан кыл­мы­штуу топтор­ду кар­жы­ла­ган эмес жана алар­дын ишмер­дүүлү­гүнө каты­шпа­ган, тес­ке­ри­син­че ал ар дай­ым, рес­пуб­ли­ка­да ири ишка­на­лар­ды ачып, көп­тө­гөн жумуш­чу орун­дар­ды түзүү менен өлкөнүн эко­но­ми­ка­сы­на зор салым кош­кон абий­ир­дүү ишкер ката­ры бел­ги­лүү эке­нин анын адво­ка­ты бил­дир­ди.

Тур­сун­тай Сали­мо­в­дун уюш­кан кыл­мы­штуу топ түзүү же ага каты­шу­усу боюн­ча шек­түүлү­гү туу­ра­луу чык­кан маа­лы­мат­тар­га кара­та, анын жак­то­очу­су, адам­дын күнөөсү, сот өкү­мү өз күчүнө кир­ген­ден кий­ин гана анык­та­ла­арын жана сот­тун чечи­ми жок адам­ды эч ким күнөөлү деп айта алба­шын бил­ди­рет. Сали­мо­в­дун адво­ка­ты бул тема­га бай­ла­ны­штуу мез­ги­ли­нен эрте тал­ку­у­лар­дан кар­ма­нып туру­у­ну сура­нат.

Подписаться
Уведомить о
guest

0 комментариев
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все комментарии
0
Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x